300 спарталык (англ. 300) — Америка көркөм тасмасы.

300 спарталык
300
Жанры

пеплум
неонуар

Режиссёру

Зак Снайдер

Продюсери

Жеффри Сильвер
Марк Кантон
Берни Голдмаун
Жанни Нуннари

Сценарийдин
автору

Зак Снайдер
Курт Жонстад
Майкл Б. Гордон

Башкы ролдордо

Жерард Батлер
Лена Хиди
Дэвид Венхэм
Винсент Риган
Родриго Санторо

Оператору

Ларри Фонг

Композитору

Тайлер Бэйтс

Кинокомпания

Warner Bros.
Legendary Pictures
Hollywood Gang Productions

Узактыгы

117 мүнөт

Бюджети

65 млн. $[1]

Кирешеси

456 068 181 $[1]

Өлкө

 АКШ

Тили

англисче

Жылы

2007

Кийинки тасма

300 спарталык 2

IMDb

ID 0416449


Мазмуну түзөтүү

Биздин заманга чейинки 480-жыл. Каардуу жана барктуу Леонид (Жерард Батлер) – Спартанын башчысы. Акылдуу жана сулуу жубайы Горго (Лена Хеди) менен мамлекетин башкарат. Бирок, кооз жана бай мамлекет душмандардын көзүн кызыктырбай койбойт. Күндөрдүн биринде хандын алдына “шаарыңа кол салуу үчүн перстердин миңдеген аскер катарлары келатышат” деген кабар менен чабарман келет. Келаткан – Персиянын аёо билбеген зөөкүр ханы Ксеркс (Родриго Санторо). Ал башка элдерди басып алгандай эле Спартаны да багындырууну самап келет. Леонид чабармандын “сүйүнчүсүн” берет – аны дароо өлтүрүп, мунусу менен согушка даяр экендигин билдирет. Перстерге каршылык көрсөтө алаарына көзү жеткен Леонид Ксеркске эч качан моюн сунбашын айтат. Бирок, Спартанын куу саясатчылары да, көзү ачык аксакалдар кеңеши да согушка каршы чыгышат. Эмне айла табаарын билбеген Леонид жубайынан кеңеш сурайт. Горгонун “душманыңдын алдына тизелегенден көрө анын бетине тик кара!” деген күчтүү сөздөрү Леонид үчүн ураандай угулат. Бирок, анын чечимин бүт өлкө колдобой, башчы болгону 300 гана аскер чогултууга жетишет. Мына ошол 300 спарталык жоокер менен Ксеркс баштаган сансыз армиянын ортосундагы Фермопил деген тик аскалуу жерде өткөн кандуу согушту баяндайт бул тасма.

Каармандарда түзөтүү

Актёр Роль
Жерард Батлер Леонид Спартанын ханы / колбашчысы Леонид
Лина Хиди Горго Ханайым Горго (Леониддин жубайы)
Дэвид Венхэм Дилий Спарта жоокери Дилий
Винсент Риган Артемий капитан Артемий (Леониддин досу)
Родриго Санторо Ксеркс Перс ханы Ксеркс
Доминик Уэст Ферон Спарталык саясатчы Ферон
Том Уисдом Астин капитан Артемиянын улуу баласы Астин
Майкл Фассбендер Стелиос спарта жоокери Стелиос
Эндрю Плевин Даксос аркадиан жоокери Даксос
Эндрю Тирнан Эфиальт спартанский изгнанник Эфиальт
Жованни Киммино Плистарх Леониддин баласы Плистарх
Питер Менса персиялык кабарчы
Келли Крэйг оракул
Стивен МакХэтти кеңешчи
Патрик Сабонгуй персия генералы
Тайлер Нейтзел Леонид кенже Леонид
Робер Майе Берсерк
Даррен Шахлави перс жоокери

Тасманын тартылышы түзөтүү

Тасманын өзөгүн “300” аттуу графикалык роман (комикс) түзөт. Анын автору белгилүү прозаик, карикатурист Фрэнк Миллер – Канада менен АКШдагы көптөгөн күйөрмандардын сүйүктүү жазуучусу. Анын күйөрмандарынын катарында тасманын режиссёру Зак Снайдер да бапэр. Тарыхый роман режиссёрго күчтүү таасир эткендей, аны дароо эле сценарийлештирип, тасмага айландырууну чечкен. Негизги актёрлук топ тасмага тартылуу үчүн чоң даярдык көрүшүп, ар бири колуна китеп алып, байыркы Спартанын тарыхын окуп чыгышкан. Жогорку окуу жайларынан тарых мугалимдери жалданып келинип, суроолорго жооп берип, кадимкидей сабак өтүп турушкан. Ал эми актёрлорду физикалык жактан машыктыруу үчүн профессионалдуу альпинист Марк Твайт менен каскадёр Деймон Каро жардамга чакырылышкан. Булар актёрлук топту күн сайын машыгуучу залда даярдаган. Тасма тартылууга 8 жума калганда бардык актёрлор даяр болгон. Оор көнүгүүлөрдү аткарышып, диета да кармашкан. Съёмкалар аскалуу тоолордо, жарлардын арасында өткөн соң тез жардам жана коопсуздук кызматы дайыма жакын жерде болуп турган. “Спарталык жоокерлер перстерден айырмаланып туруусу үчүн аларга коңур түстөгү калың кийимдерди кийгиздик. Ал эми перстерге ачык жашыл, көгүш өңдөр жарашты” деп билдирген, тасманын костюмери Майкл Уилкинсон. Бул таланттуу тигүүчүнүн колунан жаралган эң татаал костюм – Ксеркстин темирден жасалган зоот кийими. Тасманын жаралышында гримёрлордун да эмгеги зор. Алардын жардамы менен Ксеркстин, анын өздөрү атагандай Өлбөс жансакчыларынын, бүкүр чыккынчы Эфиальттын жана башка романда болбогон жаңы каармандардын образдары мыкты жаралды.

Кызыктуу маалыматтар түзөтүү

  • Бюджети 65 миллион доллар болгон.
  • Тасманын эсте калаарлык өзгөчөлүктөрү көп. Мисалы, анын жалаң күңүрт боз түстө тартылышы. Тасмада жаркыраган күн дээрлик жок, асман дайым бүркөк.
  • Каармандардын чоң план менен тартылышы. Көздөр, эриндер жана колдун манжалары өзүнчө бөлүнүп көрсөтүлгөн.
  • Күчтүү сценарий тасманын ийгиликке жетишине чоң салым кошкон. Андагы кооз фразалар көрүүчүнүн эсинде көпкө чейин кала турчудай.
  • Жагымдуу музыка тасманын дээрлик башынан аягына чейин тынбай ойноп турса да эч тоскоол болбойт. * * Композитор Тайлер Бейтс жазган обон тескерисинче, кандайдыр бир түбөлүк сырдуулукту жаратып турат. * Тасманын саундтрек ырларынан турган “300” деп аталган ыр жыйнагы жарык көргөн.

Эскертмелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 www.boxofficemojo.com «300» (англисче) (2018). Текшерилген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2018. Түп булактан архивделген күнү 3 -июнь (кулжа) 2012.

Шилтемелер түзөтүү

Калып:300 спарталык Калып:Dark Horse Comics тасмалары