Улуттук Саламаттыкты Сактоо Институту

Улуттук Саламаттыкты Сактоо Институту (англ. National Institutes of Health) - 1870- жылы негизделип, биомедициналык жана коомдук саламаттыкты сактоо тармагына жоопкерчиликтүү Кошмо Штаттар өкмөтүндөгү негизги агенттик. Ошодой эле ал Кошмо Штаттардын Саламаттыкты сактоо жана Гуманитардык Кызмат бөлүмүнүн бир мүчөсү катары эсептелинет жана анын негизги ишканасы Мэриленд штатындагы Безесда шаарында жайгашкан. Ал илимий изилдөөлөрүн өзүнүн Стационардык Изилдөө Программасынын (СИП) негизинде жүргүзүп, Сырткы Изилдөө Программасынын негизинде Улуттук Саламаттыкты Сактоо Институтуна кирбеген изилдөө ишканасына эң көп биомедициналык изилдөө менен камсыздандырат.

2013-жылы СИПде 1200 негизги изилдөөчү жана 4000 ашуун илимий кызматкерлер негизги, эл аралык жана клиникалык изилдөөлөр боюнча кызмат кылышкан. Мунун негизинде ал дүйнө жүзүндөгү эң чоң биомедициналык изилдөө институтуна айланган. Ал эми 2003-жылы сырткы изилдөө программасы камсыздаган 28 пайыздык биомедициналык изилдөө каржысы жыл сайын АКШда сарпталат же болбосо 26.4 миллиард АКШ долларын түзөт.

Улуттук Саламаттыкты Сактоо Институту ар түрдүү 27 институтту жана биомедициналык борборлорду камтыйт жана ал көптөгөн илимий жетишкендиктерге жоопкерчиликтүү. Анын ичинде тиш кариесинин алдын алуу алуу үчүн фторидди колдонуу ыкмасы, эки уюлдуулук көйгөйүн чечүү үчүн литийди колдонуу, гепатит, гемофилдик тумоо жана папиллома вирусуна каршы вакциналарды ойлоп табуу кирет.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү