Богок (лат. struma - шишик) - калкан безинин чоңоюшу же ушундан улам моюндун шишип кетиши богок деп аталат. Дүйнө жүзү боюнча богок оорусуна чалдыккандардын 98 пайызы иоддун жетишисиздигинен болот[1]. Калкан сымал без организмдеги зат алмашууну көзөмөлдөө функциясын аткарган маанилүү орган. Анда йод сакталат жана курамында йод бар гормондор - тироксин жана трийодтиронин. Алар зат алмашууну уюштуруу, керектүү клеткалардын жана бүтүндөй организмдин өсүшү үчүн маанилүү.

Биринчи жолу богок түшүнүгү 1756-жылы немис дарыгери А. Галлер тарабынан киргизилген. Богок жөнүндө маалымат Аюрведада (б.з.ч 1500-ж), кытай медициналык булактарында жана Гиппократтын чыгармаларында кездешет[2]. Байыркы заманда богокту оорулар менен байланыштырбаган, тескерисинче кээ бир маданияттарда сулуулуктун жана жагымдуулуктун белгиси деп эсептешкен[3].

Классификациясы түзөтүү

 
Богок оорусунан жабыркаган аял

Даражасы боюнча;

I даража - калкан бези чоңойгон, сезилет;

II даража - богок визуалдык түрдө аныкталат;

III даража - калкан сымал бездин көрүнүп чоңойушу ("жоон моюн");

IV даража - кескин чоңойгон без моюн контурларын өзгөртөт;

V даража - чоң көлөмдөгү богок, кээ бир учурларда моюн бетине баштык түрүндө илинип турат[4].

I жана II даражалардын чоңоюушу салыштырмалуу кайтарымдуу, дары-дармектер менен дарылоодо жеңилирээк жана өспүрүм куракта жана кош бойлуулукта убактылуу болуп саналат. Учурда анын көлөмүн аныктоонун эң так ыкмасы – ультраүндүк изилдөө (УЗИ). Адатта, калкан безинин көлөмү аялдар үчүн 18 мл ден, эркектер үчүн 25 мл ден ашпашы керек[5].

Морфологиясы боюнча;

  • Диффузиялык богок - эндокриндик системанын оорусу, анда калкан сымал бездин көлөмү чоңоюп, көбөйгөн гормондор бөлүнүп чыгат. Йод сыяктуу маанилүү микроэлементтин жетишсиз өлчөмдө кабыл алынышы көбүнчө органдын ишин бузууга алып келет. Оорунун өрчүшүнө башка факторлор өбөлгө түзөт: тукум куучулук, сезгенүү оорулары, калкан сымал ткандардын жаракат алышы, аутоиммундук процесстер, айлана чөйрөнүн начар абалы жана стресс.

Диффузиялык богоктун белгилери көбүнчө 30 жаштан 50 жашка чейинки аялдарда байкалат. Оору эркектерде 8 эсе аз кездешет. Кээ бир учурларда, бездин иштебей калгандыгы балалык чагында же карыганда аныкталат.

  • Түйүндүү богок - бул калкан безинин ткандарындагы бардык обочолонгон формацияларды камтыган оору. Алар ар кандай көлөмдө болушу мүмкүн жана капсуласы бар.

Этиопатогенетикалык классификация боюнча;

  • Эндемикалык богок - тамак-ашта, сууда, абада жана топуракта йоддун аз болушунан организмдеги йоддун өнөкөт жетишсиздигинен келип чыгуучу оору. Көбүнчө тоо тургундарында кездешет. Бул калкан сымал ткандардын көбөйүп кетишине жана анын иштешинин өзгөрүшүнө алып келет.
  • Сейрек богок (спорадикалык) - калкан сымал бездин оорусу, анда абада, сууда, тамак-ашта жана топуракта йод жетиштүү көлөмдө болгон аймактардын жашоочуларында байкалат[6].

Функционалдуулугу боюнча;

  • Эутиреоз - калкан сымал бези кадимкидей иштей турган богок. Калкан безинин гормондору жана гипофиздин калкан стимулдаштыруучу гормону кадимки деңгээлде болот.
  • Тиреотоксикоз - калкан сымал без калкан безинин гормондорунун көлөмүнүн көбөйгөнүнөн келип чыккан богок. Бул учурда зат алмашуу катуу иштеп, ашыкча тамак жегенде тиреотоксикоз менен ооруган адам арыктайт.
  • Гипотиреоз - калкан сымал без калкан сымал гормондорду жетиштүү бөлүп чыгарбаган богок. Зат алмашуу жайлап, адам семире баштайт. Бул оорунун белгилери: иштин төмөндөшү, шалаакылык, чарчоо, эс тутумдун начарлашы, уйкусуроо, табиттин төмөндөшү, муздактык сезими, ич катуу жана башкалар.

Себептери түзөтүү

Богок тышкы же ички факторлордон улам өөрчүшү мүмкүн. Анын пайда болушунун экзогендик факторлоруна йоддун жетишсиз көлөмү жана айлана-чөйрөнүн начар шарттары кирет. Оганизмдеги йоддун жоголушуна бөйрөктүн жана ашказан-ичеги-карын өнөкөт оорулары болушу, өспүрүм курагында, кош бойлуулук учурунда жана лактация мезгилинде йодго болгон физиологиялык муктаждык болушу мүмкүн. Богоктун өөрчүшү калкан безинин гормондорунун синтезделишине таасир этүүчү дары-дармектердин айрым түрлөрүн алуу белгиленген башка оорулардан улам пайда болот.

Профилактикасы түзөтүү

Дени сак адамдын йодго болгон күнүмдүк керектөөсү болжол менен 200 мкг түзөт. Богоктун  пайда болушунун алдын алуу ыкмалары, йод камтыган рентген контрасттык каражаттарды колдонууну чектеп, курамында йод бар дары менен дарылоону көзөмөлдөп, бөйрөк жана ичеги-карын ооруларын өз убагында аныктап, дарылоо[7]. Ошондой туура тамактанууну кармануу.

Шилтемелер түзөтүү

  1. R. Hörmann: Schilddrüsenkrankheiten. ABW-Wissenschaftsverlag, 4. Auflage 2005, Seite 15–37. ISBN 3-936072-27-2
  2. Строев Ю.И., Чурилов Л.П. История зоба, Актуальные проблемы транспортной медицины, №2 (28), 2012 г.
  3. https://www.phag-rostov.ru/literature/k14/g3/
  4. Большая медицинская энциклопедия https://xn--90aw5c.xn--c1avg/index.php/%D0%97%D0%9E%D0%91
  5. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 14 -март (жалган куран) 2021. Түп булактан архивделген күнү 15 -июль (теке) 2020.
  6. https://www.l-med.ru/articles/zob_prichiny_simptomy_klassifikacija_i_lechenie#p1
  7. https://gufo.me/dict/medical_encyclopedia/%D0%97%D0%BE%D0%B1